Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

Ош аэропортунун жетекчиси Абдунаби Алиев өзү жазган арыздын негизинде кызматтан алынып, анын ордуна Талант Исаков дайындалды. Бул тууралуу Ош аэропортундагы ишенимдүү булактар кабарлашты. Исаков буга чейин аэропорттун материалдык-техникалык жабдуу бөлүмүн башкарып келген.

Буга чейин Ош эл аралык аба майданынын бир нече кызматкери аэропорттун жетекчиси Абдунаби Алиевди кызматтан алууну талап кылышкан. Жетекчиликке нааразы болгондор мекемеде коррупция, тааныш-билиштик күчөп, тейлөө начарлаганын айтып келишкен.

Былтыр 27-декабрда спецназдын формасын кийген белгисиз беш адам Ош аэропортунун аймагындагы кеңсеге кирип барып, эсептелип, чет өлкөгө жөнөтүлмөк болгон 5, 5 миллиондон ашуун, айрым маалыматтар боюнча 7 миллионго жакын долларды, бейрасмий маалымат боюнча 13 миллион долларга жакын каражатты карактап кетишкен. Бул иш боюнча 11 киши издөөгө алынып, жетөө кармалган. Милиция карактоону эл аралык кылмыштуу топ ишке ашырган деп билдирүүдө.

2013-жылы 9-ноябрда да Ош аба майданында 4,5 миллион доллар каракталып, бул иш боюнча эки адам кармалып, бирок акча табылбай калган. "Азаттык" бул фактыларды иликтөөгө алган. (КЕ)

"Азаттыктын" иликтөөсү: Миллиондорду карактагандардын калканчы ким?

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG