Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

Bellingcat: Орусия "Боинг" кырсыгы боюнча сүрөттөрдү жасалмалаган


Былтыр Донецкте кыйраган Малайзия учагы боюнча Украинаны айыптоо үчүн Орусия Коргоо министрлиги спутниктен тартылган жасалма сүрөттөрдү сунуштаган. Бул тууралуу эл аралык Bellingcat тобунун иликтөөсүнө таянуу менен "Украинская правда" гезити жазып чыкты.

Иликтөөдө орус Коргоо министрлиги былтыр июлдагы басма сөз жыйынында көрсөткөн Украинанын "Бук" системасы тартылган спутниктик фотолор 2014-жылдын июнь айында тартылган эски сүрөттөр экени айтылат. Аталган топтун белгилешинче, андагы ар бир сүрөт санариптик оңдоолорго кабылган. Андан сырткары бул сүрөттөр кырсык болгон 2014-жылдын 17-июлуна чейин тартылганы аныкталды. Эксперттер ошондой эле Орусия Коргоо министрлиги бул сүрөттөрдүн тартылган күнүн кокустан туура эмес айтып алган болушу мүмкүндүгүн да четке какпайт.

Bellingcat тобунун соңку иликтөөсүндө "Бук" жана башка аскер техникалары Орусиядан Украинага жеткирилгени жана орус Коргоо министрлигинин кайсы аскер бөлүктөрү бул жараянга аралашканы көрсөтүлөт.

Malaysia Airlines аба компаниясына тиешелүү транспорттук учак бортундагы 298 адамы менен былтыр 17-июлда кыйраган эле, андан бир да киши аман калган эмес. Ал Амстердам - Куала-Лумпур багытында баратып, Донецк облусунун Грабово айылына жакын жерге кулап түшкөн.

XS
SM
MD
LG