Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:32

Акыйкатчы Женевада адам укуктары боюнча доклад жасайт


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин 1-3-июнь күндөрү Женевада өтүүчү жыйынына катышат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Аманбаев адам укуктары боюнча доклад жасайт. Анда жарандардын эмгекке, дарыланууга, мүлккө жана татыктуу жашоого болгон укуктары тууралуу конкреттүү мисалдар келтирилет.

Быйыл январда Женевада БУУнун Адам укуктары кеңешинде Кыргызстандын экинчи улуттук баяндамасы талкууга алынган. Улуттар уюму Жогорку Кеңеш демилгелеген сексуалдык азчылыктардын укугун чектеген жана “Чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануусун билдирип келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG