Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Ооганстанда беш согушкер жок кылынды


Өлкө чыгышындагы Нангархар аймагынын борбору Жалалабад шаарында "Талибан" согушкерлери полиция бөлүмчөсүнө жасаган чабуулдан 5 киши каза тапты.

Аймактын полиция башчысы Фазал Ахмад Ширзаддын айтымында, бир жанкечти бомба жашырылган унаа менен имараттын дарбазасын сүзүп, согушкерлер ошол учурда бөлүмчөнү басып алмак болгон. Чабуулдан тогуз полициячы жараланып, төрт согушкердин көзү тазаланды.

Полиция чабуул аяктап калганда дагы бир согушкерди колго түшүргөн. Кармаш 1-июнга караган түнү башталып, таңга чейин созулган. Полиция чабуул жасагандардан автомат, реактивдүү гранатометтер менен кол гранаталарын олжологон.

Ооганстандагы "Талибан" өкүлү Забихулла Муджахид чабуул полиция бөлүмчөсүндө өтүп жаткан "маанилүү жыйындын" катышуучуларын бутага алганын билдирди.

XS
SM
MD
LG