Линктер

ишемби, 25-март, 2017 Бишкек убактысы 06:19

"Акыйкат" гезитинин жамааты президентке кайрылды


Жалал-Абад облустук коомдук-саясий “Акыйкат” гезитинин жамааты өлкө жетекчилерине кат жолдошту. Анда учурда редакция кызматкерлери иштеген имаратты КТРК талашып жаткандыгы айтылат.

Жалал-Абад шаарындагы Ленин көчөсү-45 дарегинде жайгашкан бир кабаттуу имарат 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн токтому менен КТРКнын карамагына өткөрүлүп берилген. Гезит жамааты жазган катта "имаратты өткөрүп берүүдө 8 жылдан бери иштеп келаткан редакциянын кызыкчылыгы эске алынган эмес" деп айтылат.

Облустук “Акыйкат” коомдук-саясий гезити 1993-жылдан бери апта сайын чыгып келет. Учурда редакцияда 20 кызматкер эмгектенет. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG