Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

Ош облусундагы Чоң-Алай районунун акими Азизбек Ашыралиевди кызматтан бошотуу боюнча буйрукка премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 1-июнда кол койду. Өкмөттөн кабарлашкандай, буга Ашыралиевдин башка кызматка өткөнү себеп болду.

Азизбек Ашыралиевди жергиликтүү кеңештин депутаттары кызматтан кетүүсүн эки жылдан бери талап кылып келген. Алар бул нааразылыктарын райондо өнүгүү болбой, айыл чарба жана кен тармактарындагы көйгөйлөр чечилбей жатканы менен байланыштырышкан.

Ашыралиев депутаттарга 2013-жылдын отчетун берүүдөн баш тарткан. Ал эми былтыркы жылдын отчетун быйыл 27-февралда жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жарымынан көбү канааттандыраарлык эмес деп тапкан.

Чоң-Алай районунда жалпы 20 чамалуу айыл бар. Анда 30 миңдей калк жашайт. Азизбек Ашыралиев аталган районду 2012-жылдан бери башкарып келген. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG