Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Malaysia Airlines "техникалык дефолт" жарыялады


Malaysia Airlines авиа компаниясы "техникалык дефолтко" учураганын Германиядан келген анын жаңы директору Кристоф Мюллер билдирди. Анын айтымында, реструктуризация планына ылайык, 6 миң кызматкер кыскартылды, 14 миң кызматкерге жаңыдан түзүлүп жаткан авиа компания менен келишим түзүү сунушталды.

Malaysia Airlines мамлекеттик фондго карайт, май айында компанияны кыйын абалдан алып чыгуу үчүн Мюллерди жалдашкан. Кризис менеджер эми ушул жылы чыгашага чекит коюп, финансылык абалды турукташтырууну, 2017-жылдан тарта кирешени өстүрүүгө жетишүүнү убада кылууда.

Мюллердин сөзүнө караганда, компаниядагы финансылык проблемалар 2014-жылдагы кайгылуу окуяларга чейин башталган. Бул жылы 8-мартта компаниянын бир учагы ичиндеги 239 адамы менен дайынсыз жоголуп кеткен, 17-июлда болсо 298 адамы бар учак Украина аймагында кырсыкка кабылып, бир да адам тирүү калган эмес. Бул эки кырсык компаниянын банкроттук тарыхына акыркы чекитти койгон.

Кристоф Мюллер буга чейин Ирландиянын Aer Lingus, Бельгиянын Sabena жана Германиянын Lufthanza авиакомпанияларын кыйын күндөн чыгарып, "терминатор" атыккан.

XS
SM
MD
LG