Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Түштүк Корея: жакынкы чыгыш респиратордук синдромунан каза тапкандар катталды


Түштүк Кореянын жакынкы чыгыш респиратордук синдрому тараган аймагында аталган оорудан өлгөн эки адам каттоого алынды. Маркумдардын бири - 58 жаштагы аял илдетти жуктурган алгачкы жаран. Андан кийин эле дагы 71 жаштагы киши көз жумган.

Адистер бул дарт Жакынкы Чыгыш аймагында соңку учурда кескин тарай баштаганын билдиришти. Жугуштуу жана көп учурда өлүмгө дуушар кылуучу оорудан 2003-2012-жылы да Азия чөлкөмүндө жүздөгөн кишилер каза тапкан. Алардын эң көбү Сауд Арабиясында болгон.

1-июндагы маалыматтарга караганда, учурда Түштүк Кореяда илдетке шектелген 682 киши дарыланууда. Азырынча анын дарысы табыла элек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG