Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Бишкекте сейил бактан табылган ымыркайдын абалы оор


Бишкек шаардык милициясы “Сүйүү багына” жаңы төрөлгөн ымыркай кызды калтырып кеткен жаранды издеп жатат. Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, кызды 30-май күнү эртең менен жергиликтүү тургундар тапкан. Аны жуурканга ороп, бактын ичине калтырып кетишкен. Ошол эле күнү Октябрь райондук милициясы иликтөө иштерин баштап, ымыркайды №3 балдар ооруканасына жеткиришкен. Баланын абалы оор экени айтылууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG