Кытайдын Янцзы дарыясында саякатчыларды ташыган кеме кырсыкка кабылды. Анда 400дөн ашуун адам баратканын мамлекеттик маалымат булактары билдирди. Соңку кабарларга ылайык, жети киши куткарылган. Издөө иштери уланып жатат. Бирок күчтүү шамал куткаруучулардын жумушуна кедергисин тийгизүүдө.
Чөгүп кеткен кемедегилердин баары Кытай жарандары экени, 42си экипаж мүчөсү болгону айтылууда. Алар Нанкин аймагынан Чунцин районуна сапар тарткан эле. (SE)