Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

КСДП тазаланабы?


"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку коногу - Жогорку Кеңештин депутаты, Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Ал Кыргызстандагы коомдук саясий кырдаал, парламенттик шайлоого даярдык жана социал-демократтар партиясынын бүгүнкү күндөгү саясий салмагы туурасында айтып берди.

Ошентип 5-чакырылыштагы парламенттин дагы мөөнөтү аяктап бара жатат. Алдыда кайрадан эле айыгышкан ири саясий күрөш келе жатат. Бүгүн Социал-демократтар партиясы эмне менен алек?

КСДП тазаланабы? (1)
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:09:35 0:00

Былтыр күзүндө “Вечерний Бишкек” басылмасынын айланасында чыр башталып, басылма үлүш талашкан Александр Рябушкиндин артында президентке жакын адамдар турганын айтып, президентке чейин кайрылган. Бүгүнкү күндө сот Рябушкиндин арызын канааттандырып берди. Бул окуянын артында чоң күчтөр турганын парламенттеги “Ата мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы белгилеп, өз пикирин билдирген эле. “Вечерний Бишкек” басылмасынын айланасындагы окуя бул чын эле бийлик башында турган күчтөрдүн, адамдардын шайлоо алдындагы камылгасынын башталышы эмеспи?

КСДП тазаланабы? (2)
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:09:02 0:00

КСДП мүчөлөрүнө байланышкан соңку окуялар коомчулукта көңүл чордонуна чыкты. Алардын бири катары депутат Ыргал Кадыралеванын агасы, кылмыш иши козголуп, баш айга жакын качып жүрүп, өзү келген Канжар Кадыралиев боюнча Жогорку Сот 26-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган болчу. Бирок ал камалган жок. Эгерде мыйзам алдында жарандардын баары бирдей деп эсептей турган болсок, апрель айынын башында карыз акча менен шылуундукка айыпталган аялды зот залынан дароо камаган эле. Анын эки баласы бала бакчада алынбай калган.

КСДП тазаланабы? (3)
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:07:59 0:00

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG