Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

ЖК комитетинде Медакадемия боюнча маселе каралбай калды


Бул тууралуу коррупцияга каршы көмөктөшүү уюмунун (АКОС) төрага орун басары Камил Умаров “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн Парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына абитуриенттерди кабыл алуудагы мыйзам бузуулар боюнча АКОСтун кайрылуусун карамак. Маселе жетинчи болуп күн тартибине кирген.

- Жыйын башталганда вице-спикер Надира Нарматова келип бул маселе аталган комитетке тиешеси жок деп өткөрбөй, биздин маселени алдыртып салды. Бул биринчи жолу болуп аткан жок, өткөн аптада да каралбай жылып калган эле. Ушул маселеге келгенде эле бардыгы эле жүгүрүшөт, таң калып атам. Чындык, мыйзам жок болуп атат, - деди Умаров.

Буга чейин Башкы прокуратура Медициналык академиядагы одоно мыйзам бузууларды оңдоо жана жоопкер кызмат адамдарына чара көрүү боюнча өкмөткө сунуштама киргизген. Анда 2012-жылы Медициналык академия 25 баланы мыйзамсыз, башкача айтканда, сынактан тышкары кабыл алганы, арасында тестирлөөдөгү баллы жетишсиздер да бар экени айтылат. Мындан сырткары Кыргыз мамлекеттик курулуш, архитектура жана транспорт университетине бөлүнгөн гранттык орундардын эсебинен Медакадемияга беш абитуриент мыйзамсыз кабыл алынганы маалымдалган.

Буга чейин “Азаттык” баллы жетпеген абитуриенттерди Медакадемияга мыйзамсыз кабыл алуу фактыларына байланыштуу ири коррупциялык схеманы иликтеп чыккан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG