Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:19

Мугалимдердин айлыгын көтөрүү чечими өкмөттүн бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Элвира Сариева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын белгилешинче, 1-сентябрдан тартып орто билим берүү мекемелеринин мугалимдерине айлыкты көтөрүү үчүн 2,2 млрд. сом бөлүнмөй болду. “Билим берүүнүн сапаты түздөн түз мугалимдерден көз каранды. Министрлик ушул боюнча токтобойт жана мугалимдердин статусун көтөрүү үчүн пландуу иштерди аткара берет”, - деп жазат министр.

Быйыл сентябрда мугалимдердин маяналарын 50 пайызга чейин көтөрүү каралып жатканы мурдараак кабарланган.

Расмий маалымат боюнча жыл сайын бюджеттен мектептерге 200 миллион сом бөлүнөт. Ал акча маянадан сырткары, ремонт иштерине да жумшалат. Мугалимдердин айлыгы Кыргызстандагы аз маяналардын катарына кирет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG