Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Сырттан кирген автоунаалардан экологиялык төлөм алына баштады


Өкмөттүн токтомуна ылайык, 15-майдан тарта Кыргызстандын аймагына чет өлкөдөн кирген машиналардан экологиялык зыян үчүн төлөм алына баштады. Бажы кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, жеңил машиналарга миң, микроавтобустарга 2,5 миң сом алынат.

Төлөмдөрдү кабыл алууну буга чейин Айлана чөйрөнү коргоо агенттиги аткарып келсе, быйыл бул иш Бажы кызматына берилген.

Айрым айдоочулар жана жарандык коомдун өкүлдөрү туристтик сезон башталган учурда төлөмдөрдү кабыл алууга нааразылык билдирип келишет. Экологиялык зыян үчүн төлөмдөр башка өлкөлөргө киргенде, мисалы Казакстан, Орусияда да кабыл алынат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG