Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Киев Крымды аннексиялаганы үчүн Орусиянын мүлктөрүн камакка алууну көздөйт


Украина Крымды аннексиялаганы үчүн Орусиянын чет өлкөдөгү мүлктөрүн кенемте иретинде камакка алууну көздөйт. Бул тууралуу украиналык УНИАН маалымат агенттиги кабарлады.

Телеканалдардын биринде сүйлөгөн сөзүндө Украинанын юстиция министринин орун басары Наталья Севостьянова Орусиянын чет өлкөлөрдөгү мүлктөрүн камакка алуу өтүнүчү Европанын адам укуктары боюнча сотуна жөнөтүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, Орусия Крымды басып алуу менен адам укуктары боюнча Европа конвенциясын бузду. Орусия Крымдагы 400 украиналык ишкананы жана 18 мунай өндүрүшүн мажбур түрдө улутташтырып алган.

Москва Киевдин дооматтарын четке кагып, Крымдын Орусияга кошулушу бардык эл аралык нормаларга туура келерин айтууда.

XS
SM
MD
LG