Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Ксения Собчак динчилдерди мазактоого шектелүүдө


Ксения Собчак
Ксения Собчак

Орусиянын тергөө комитети динчилдердин сезимдерин мазактаган деген шек менен Ксения Собчакка карата териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу тергөө комитетине даттанган юрист Ярослав Михайлов интернеттеги Facebook баракчасына жазып чыкты.

Юристтин айтымында, анын мындай кайрылуусуна Собчактын Instagram социалдык тармагындагы чиркөө кийимин кийип, жасалма сакал чаптаган сүрөтү себеп болгон. Михайловдун пикиринде, журналист мындай жосуну үчүн жазаланышы керек.

Собчакка динчилдерди мазактаганы үчүн 300 миң рубль айып пул же бир жылдык жаза мөөнөтү чегерилиши мүмкүн. Ксения Собчак орус православ чиркөөсүнүн жетекчилигин шайлоо алдында Путинди ачык колдогону үчүн сындап келген.

XS
SM
MD
LG