Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Хайдар Абади ИМ тобуна каршы күрөш жетишсиз экенин айтты


Ирактын өкмөт башчысы Хайдар Абади “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине каршы турууда Багдад боюнча коалициянын эл аралык союздаштары жетиштүү аракет көрбөй жатканын билдирди.

Абади Париждеги конференцияда өнөктөштөрүн “Ислам мамлекетине” каршы аба соккуларын азайтып, жердеги чабуулдарды күчөтүүгө акылы жетпей жатат деп айыптады.

Ушу тапта Батыштын жана Жакынкы Чыгыштын 20 чакты премьер-министри Парижде чогулуп, исламчыл экстремисттерге каршы күрөшүү стратегиясын талкуулап жатышат. Франциянын тышкы иштер министри абадан урулган соккулар Иракта ички элдешүү болгондо гана натыйжалуу болорун айтты. Ирак өкмөтүнүн каршылаштары аларды суннилерди өгөйлөп жатат деп айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG