Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

“Азаттыктын” аудио жомоктору бөбөктөргө таратылат


ЮНИСЕФ, “Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду жана “Азаттык” радиосу таанымал адамдар окуган аудио жомокторду дискке жаздырып, аймактарга тарата баштады. Бул “Окууну илгерилетүү” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Жомоктор жалпысынан миң дискке жазылып, алгачкысы Баткенде таратылууда. Ар биринде отуз жомок бар.

Буга чейин "Азаттык” кичинекей угармандарына аудио жомоктордун топтомун даярдаган. Дүйнө элдеринин жомокторун кыргыздын белгилүү инсандары, саясий ишмерлер, таанымал журналисттер менен ырчылар окуган. Алардын арасында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, премьер-министр Темир Сариев, мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, журналист Бүбүкан Досалиева, ишкер Эмил Үмөталиев жана башкалар бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG