Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Маалыматтык согуштун коомго таасири талкууланат


Маалыматтык салгылашуунун кыргыз коомчулугуна таасири бүгүн Бишкекте Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде талкууланат. Иш-чара өлкөнүн тышкы саясатынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу долбоорунун алкагында аталган окуу жай менен Фулбрайттар бирикмеси тарабынан уюштурулууда. Жыйында эл аралык саясий аракеттердин кыргызстандыктарга таасири жана маалымат айдыңында бейтараптуулукту сактоо жаатында cөз болот. Ошондой эле интернет аркылуу жайылып жаткан чагымчыл маанайдагы чакырыктардын кесепети тууралуу пикир алмашылат. Уюштуруучулар кабарлашкандай, жыйынга журналисттер, эксперттер жана окумуштуулар чакырылган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG