Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Кытайда чөккөн кемедеги 400 жакын жүргүнчү дайынсыз


Кытайдын Янцзы дарыясына 1-июндун кечинде чөгүп кеткен кемедеги 457 жүргүнчүнүн 400гө жакынын дайыны чыкпай жатат. Кытай бийлигинин ырасташынча кырсыкка кабылгандардан 14 киши куткарылган жана 13 жүргүнчүнүн сөөгү табылган.

"Чыгыш жылдызы" деген кеме Нанкин шаарынан түштүк-батыштагы Чунцин шаарчасына бараткан. Жергиликтүү медиа теплоход катуу шамалдын айынан аңтарылып, эки мүнөттүн ичинде суу астында калганын кабарлашты.

Кемеде негизинен улгайган туристтер болгон. Издөө иштерине аба ырайы тоскоолдук кылууда. Полиция кеменин капитаны менен башкы механигин камакка алды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG