Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:10

Бул тууралуу Украина Жогорку Радасынын депутаты, крым татарларынан лидери Мустафа Жемилев «Азаттыкка» билдирди. Жемилов Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүсү логикага жатпайт деп атады.

- Мен Кыргызстандын жетекчилигинин Орусияга жагынуу аракетин түшүнөм. Бирок таратылган билдирүү логикалык жактан ырааттуу болушу керек. Бул кырдаалда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эмес, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратса туура болмок. “Москва кандайдыр бир аракетти туура эмес деп эсептейт, депутат Жемилев болбогон нерсени ойлоп чыгарып жатат” деген сыяктуу. Экинчиден, Кыргызстандын расмий органдары өз күнөөсүн моюнуна алып, туура эмес аракети үчүн кечирим сурады. Муну да эске алуу керек.

Жемилов Орусиянын тапшырмасы менен бул сыяктуу бут тосууларга бир катар өлкөлөрдө кабылганын кошумчалады.

Мустафа Жемилев жана кеңешчиси Рустем Умеров шейшемби күнү Бишкектеги миграция маселелерине арналган конференцияга катышуу үчүн келген. Ал “Манас" аэропортуна конгондо чек арачылар аны жана кеңешчисин үч саатка жакын кармаганын айтып чыккан. Ички иштер министрлиги бул фактыны ырастап, Умеровго аты-жөнү окшош адам издөөдө болгону үчүн текшерилип, кое берилгенин билдирген. Жемилев аэропорттогу окуяны “Кыргызстандын “кожоюндарынын” буйругу менен болду” деп атаган. Бүгүн болсо Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинага нааразылык нотасын жолдоп, Жемилевдин айткандары өлкө эгемендигине шек келтирди деп мүнөздөдү. Бул үчүн Украинадан расмий түшүндүрмө талап кылды.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG