Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Рамзан Кадыров тууралуу тасмага чектөө киргизилди


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыров тууралуу тартылган “Үй-бүлө” тасмасына автордук укук бузулган деген жүйө менен YouТube сайтында убактылуу чектөө киргизилди. Мындай арызды "Т&К Продакшн" студиясынын жетекчиси Ильяс Сынбулатов жазган, бирок ал кайсы укуктар бузулганын так көрсөткөн эмес.

Тасманы тарткан “Ачык Орусия” каналы мындай дооматтар негизсиз экенин айтууда. Алардын ырасташынча, фильмде колдонулган материалдардын баарында автордук укук корголгон.

Кадыров тууралуу тасма интернетке 25-майда чыккан. Чектөөгө чейин аны 900 миңге жакын адам көргөн. Тасмада Чеченстанда бийлик кантип орнотулганы, Кадыровдун орду жана ал түзгөн күч түзүмдөрүндөгү кыйноолор тууралуу да айтылат.

XS
SM
MD
LG