Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

Грозныйда кыйноолорго каршы комитеттин кеңсесин талкалап кетишти


Беткапчан белгисиз адамдар Грозныйдагы кыйноолорго каршы комитеттин кеңсесин бастырып кирип, ичиндеги буюмдарды талкалап кетишти. Уюмдун мүчөлөрү терезеден качып чыгууга үлгүрүшкөн. Имаратта полиция болгон эмес.

Бүгүн кыйноолорго каршы комитеттин алдында Ставрополдо полиция менен болгон кагылышууда жан берген Жанбулат Дадаевдин таламдаштары митингге чогулушкан. Алар “Каляпиндер неге унчугушпайт”, “Дадаев – башаламандыктын курмандыгы” деген ураандарды кармап турушкан. Федералдык издөөдө жүргөн Дадаев 18-апрелде өлтүрүлгөн.

Комитетти Игорь Каляпин жетектейт. Кыйноолорго каршы комитеттин кеңсесе декабрда өрттөлүп, уюмдун эки кызматкери бир нече саатка кармалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG