Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Интерпол ФИФАнын алты өкүлүн издейт


Интерпол Вашингтондун өтүнүчү боюнча ФИФАнын мурдагы алты өкүлүнө издөө жарыялады. Эл аралык полиция ФИФАнын мурдагы эки жогорку кызматкерин жана төрт кызмат адамын кармоого ордер берди. Алар пара талап кылуу, жашыруун кутум уюштуруу жана коррупция беренелери боюнча шектелип жатат.

Алардын ичинде мурдагы вице-президент, Тринидад жараны Жек Уорнер жана аткаруу комитетинин мурдагы мүчөсү, Парагвай жараны Николас Леос да бар.

2-июнда ФИФАнын президенти Йозеф Блаттер коррупциялык жаңжалдарга байланыштуу кызматын тапшырган. 27-майда Швейцария полициясы Вашингтондун айыптоосунун негизинде ФИФАнын 7 жогорку кызматкерин камакка алган.

XS
SM
MD
LG