Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

Тажик калкынын 60% жакыны орусча билбейт


Тажикстандын калкынын 60% жакыны орус тилин билбей тургандыгы жөнүндө "Россотрудничества" уюмунун өкүлү Владислав Курнушко “Азаттыктын”тажик кызматына билдирди.

Курнушконун айтканы боюнча орус тилин билгендердин көбү кырктын кырындагылар. Ал эми тажик жаштары орус тилин орто деңгээлде же начар билишет. Орус тили Тажикстанда улут аралык пикир алышуунун тили макамына ээ.

2-июнда коңшу өлкөдө орус тилинин жумалыгы башталды. Анын алкагында Александр Пушкин менен Михаил Шолоховдун өмүр-чыгармачылыгына байланыштуу иш-чаралар өтөт.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG