Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Кадыров: кеңсеге кол салгандар Дадаевдин жакындары болушу мүмкүн


Чечен республикасынын президенти Рамзан Кадыров “Кыйноолорго каршы комитеттин” кеңсесине кол салгандар Ставрополь полициясынын колунан каза тапкан Жанбулат Дадаевдин жакындары болушу мүмкүндүгүн айтты.

Грозныйдагы уюмдун кеңсесине болгон кол салуудан кийин 40ка жакын адам кармалганын укук коргоочулар “Мемориал” борборуна кабарлашкан. Бирок окуянын күбөлөрү кармалгандарды көрүшкөн эмес.

Бүгүн эртең менен кыйноолорго каршы комитеттин алдында Ставрополдо полиция менен болгон кагылышууда жан берген Жанбулат Дадаевдин таламдаштары митингге чогулушкан. Алар “Каляпиндер неге унчугушпайт?”, “Дадаев – башаламандыктын курмандыгы” деген ураандарды кармап турушкан. Федералдык издөөдө жүргөн Дадаев 18-апрелде өлтүрүлгөн.

Акция учурунда беткапчан белгисиз адамдар Кыйноолорго каршы комитеттин кеңсесин бастырып кирип, ичиндеги буюмдарды талкалашкан. Уюмдун мүчөлөрү терезеден качып чыгууга үлгүрүшкөн. Окуяга полиция күбө болгон бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Комитетти Игорь Каляпин жетектейт. Кыйноолорго каршы комитеттин кеңсеси декабрда өрттөлүп, уюмдун эки кызматкери бир нече саатка кармалган.

XS
SM
MD
LG