Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Кыргыз өкмөтү балдар укугуна арналган улуттук форум өткөрөт. Бүгүн Бишкектеги “Хаят” мейманканасында уюштурулуп жаткан иш-чарада жеткинчектердин үй-бүлөдө жашоо укугу, аларга ыдык көрсөтүүнү токтотуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланат. Бул тууралуу “Азаттыкка” вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди.

Кыргызстанда соңку учурда балдарга карата зомбулук фактылары көбөйгөн. Расмий маалыматтарга караганда, быйыл жыл башынан бери 54 бала сексуалдык кордукка кабылган, 24 жеткинчек өз жанын кыйган. Он миңден ашуун бала үй-бүлөдөн тыш, стационардык мекемелерде тарбияланат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG