Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

Польша кыргыз айыл чарбасына насыя берет


Айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн Польша өкмөтү Кыргызстанга бере турган 40 миллион евро өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя боюнча соңку документтерге жакын арада кол коюлат. Бул тууралуу Польшанын экономика министри Гражына Хенцлевска кыргызстандык журналисттер менен өткөн жумада Варшавада жолугушкан учурда билдирди. Жакында бул маселеде эки тараптуу жыйын уюштурулуп, насыяны максаттуу пайдалануу боюнча өкмөт аралык комиссия түзүлөт.

Польшадан насыя алуу боюнча өткөн жылы экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев аталган мамлекетке иш-сапар менен барган учурда макулдашылган. Документтердин жарымына былтыр кол коюлган. (SE)

XS
SM
MD
LG