Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Күч кызматкерлери Иранда экстремизмге каршы окуудан өттү


Кыргыз күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Ирандагы тренингде. 2-июнь, 2015-жыл.
Кыргыз күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Ирандагы тренингде. 2-июнь, 2015-жыл.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин, Коргоо кеңешинин жана өкмөттүк аппараттын кызматкерлери диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Иранда окуудан өтүп келишти. Тренинг Кыргызстандагы күч түзүмүндө иштегендердин аталган өлкөгө болгон атайын сапарынын алкагында уюштурулду. Аларга ал-Мустафа эл аралык университетинин адистери сабак өттү.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул окуу жай радикализмге жана экстремизмге каршы күрөшүү багытында адистерди даярдаган алдыңкы университеттердин бири. Тренинг 26-майдан 2-июнга чейин уланды.

Окутуу негизинен такфирчиликке, тагыраак айтканда, мусулмандардын бири-бирин жек көрүүсүн азайтуу маселесине жана өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган согушкер топ келтирип жаткан коркунучтарга арналды. (SE)

XS
SM
MD
LG