Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Өзбек бийлиги соцтармактарга мамилесин өзгөртүүдө


Өзбекстанда мекемелерде иштегендерге Facebook жана Twitter социалдык тармактарында активдүү болуу сунушталды. “Электрондук өкмөт” системасын өнүктүрүү максатында бардык министрликтерге социалдык тармактарда баракча ачып, колдонуу тапшырмасы берилди.

Буга чейин коңшу өлкөнүн расмий маалымат каражаттары Facebook, Twitter жана “Одноклассники” сыяктуу интернет желелерди коомдун аң-сезимин бузуучу каражат катары каралап келген. Ал тургай мамлекеттик телеканал соцтармактарды “атом бомбасы” деп сүрөттөгөн болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG