Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Алайда көчкү 14 турак үйгө коркунуч келтирүүдө


Алай районунун Согонду айылында тоо кыркаларында жарака пайда болуп, 14 турак үйгө коркунуч жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, адистер 3-июнь күнү абалды иликтеп, ал жерде жашагандар тезинен коопсуз аймакка көчүшү керек деген бүтүм чыгарды. Жашоочуларга бул тууралуу оозеки маалымат берилди. Бүгүн кат түрүндө эскертүү жиберилмекчи.

Эки апта мурун Сузак районунун Кыр-Жол айылында көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Алты адам каза таап, бешөө жараат алган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG