Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Ысык-Көлдө тиш доктурлар конгресси өтөт


6-июнда Ысык-Көлдө тиш доктурлардын XI эл аралык конгресси өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Иш-чаранын максаттарынын бири стоматологдорду жаңы технологиялык өзгөрүүлөр менен тааныштыруу, алардын маалыматтуулугун арттыруу. Ошондой эле элге стоматологиялык жардам көрсөтүү жана аны өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелер талкууланат.

Конгресске Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларус жана Кыргызстандан келген 150дөн ашуун делегат-тиш доктурлар катышат. (МТо)

XS
SM
MD
LG