Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Текебаев Пирматовдон мандатын тапшырууну талап кылды


Парламенттеги жалпы жыйын учурунда «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев Исхак Пирматов мандатын тапшырышы керектигин билдирди.

“2011-жылы ушул трибунага Исхак Пирматов чыгып, иниме жана мага жалаа жаап, эгер жалган айтсам мандатымды тапшырам деген. Төрт жыл мурун сотко бергем, сот былтыр сентябрда анын айтканы жалган деп чечим чыгарган. Шаардык сотко, Жогорку Сотко кайрылды. Алар да анын айтканын жалганга чыгарып, “Фабула” гезити аркылуу 55 миң нуска менен кечирим сурашы керек деген чечим чыгарды”, деди Текебаев.

Депутат буга чейин бир топ саясий ишмерлер трибунадан мандатын тапшырарын айткандан кийин сөздөрүнө туруп кызматтан кетишкенин мисалга тартты. (МТо)

XS
SM
MD
LG