Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Атамбаев: Балдардын жакындарынан кордук көргөнү өкүнүчтүү


Кыргызстанда балдарга ата-энелер, жакындары тарабынан кордук көрсөтүлүп жатканы өкүнүчтүү. Президент Алмазбек Атамбаевдин мындай мазмундагы билдирүүсү “Балдардын үй-бүлөдөгү жашоо укугу” аттуу Улуттук форумда окулду.

Президент, коомчулукту балдардын, үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргоого чакырды.

“Кыргызстанда баланын укуктарын коргоо аракеттери канааттандыралык эмес. Буга соңку учурлардагы наристелерге карата жасалган зордук-зомбулуктар далил”, - деп жазылат билдирүүдө.

Үй-бүлө институту оор абалга кабылганын белгилеген Атамбаев, форум катышуучулары балдардын укугун коргоо жаатында туура жана конкреттүү чечим кабыл аларына, ал иш жүзүндө ийгиликтүү колдонуларына үмүттөнөрүн кошумчалаган.

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын маалыматы боюнча, балдар үйүнө жана интернаттарга берилген балдардын көпчүлүгү жакыр үй-бүлөлөрдүн жана мигранттардын балдары. (AiJ/MTo)

XS
SM
MD
LG