Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Бишкекте бий олимпиадасы өтүүдө


Бишкекте биринчи жолу Борбор Азиядагы бий олимпиадасы өтүп жатат. Ага жакынкы чет өлкөлөрдөн жана республиканын аймактарынан бир нече бий топтору келген.

Мында катышуучулар элдик, эстрадалык, хип-хоп, болливуд сыяктуу бийдин түрлөрү боюнча таймашып, Орто Азия чемпиондугу, өлкө чемпиондугу жана “Аврора - Күн балдары” сынагынын жеңүүчүлүгүнө ат салышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, Эл аралык олимпиадага 5-35 жаштардагы үч миңдей бийчи келген. Бий олимпиадасы 7-июнда жыйынтыкталат. Ал SUN CITY спорттук ден соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. (ZA)

XS
SM
MD
LG