Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

Ош: “Жаштык” лагеринде 19 үй-бүлө калды


Июнь коогалаңында жабыркаган деген жүйө менен “Жаштык” лагерине жайгаштырылган 76 үй-бүлөдөн учурда 19у калды. Бул тууралуу “Жаштыкта” жашап жаткан жарандар билдиришти. Былтыр эки жалгыз бой эне каза болуп, алардын балдарын туугандары алып кетишкен.

Учурда лагердеги 19 үй-бүлө андагы беш корпусту ээлеп турушат. Алар мамлекет үй бербесе, лагерди бошотпой турганын ачык айтышууда.

2010-жылдагы коогалаңдан кийин түзүлгөн “Турак-жайларды бөлүштүрүү” боюнча мамлекеттик комиссия лагерди байырлагандарды коогалаңда олуттуу жабыркаган эмес деп, аларга үй берүүдөн баш тарткан.

Бирок азыр лагерде жашап аткан үй-бүлөлөр коогалаңга чейин батирлерди ижарага алып жашап жүрүшкөнүн жана топтогон мүлктөрү таланып кеткенин жүйө кылышып, Мамдирекция курган үйлөрдөн алууга укуктуубуз деп эсептешет.

Убагында алардын баарына дирекция тарабынан 50 миң сомдон төлөнүп берилген. (YI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG