Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:51

Баткен: Телефон карактаган криминалдык топ кармалды


Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кечээ, 3-июнда уюлдук телефон карактаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, май айында Кадамжай районунда ишкердин сатыктагы жалпы баасы 12 миң долларлык 115 даана чөнтөк телефонун күч колдонуп үч адам тартып алышкан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарларынын “криминалдык көзөмөлдөөчүсү” (смотрящий) М.Г. жана кылмыштуу топтун мүчөсү делген дагы эки кызылкыялык жаран кармалган.

Маалыматка караганда, М.Г. Көлбаевдин кылмыштуу тобунун атынан аталган эки шаарга кримөкүл катары дайындалган.

Учурда карактоо фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG