Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Парламент чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоорун колдоду


Чет өлкөдөн каржыланып, өлкөнүн ички саясатына кийлигишкен өкмөттүк эмес уюмдарды чет элдик агент деп таануу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алды.

Мыйзамдагы өзгөртүүгө ылайык, өкмөттүк эмес уюмдар бийлик органдарына өз ишмердиги, кирешесинин өлчөмү жана структурасы тууралуу маалыматтарды берип турушу керек. Мындан тышкары мүлктөрү, кызматкерлери, алардын айлык акысы тууралуу да маалымат берип турушу шарт.

Бул мыйзам долбооруна бир катар эл аралык уюмдар каршы чыгып, эгер кабыл алынса өлкөдөгү адам укуктарын жана эркиндиктерин чектей турганын белгилешкен.

Дал ушундай мыйзам долбоору мурдараак Орусияда да кабыл алынган. Мына ушундан улам айрым саясатчылар, депутаттар демилгечилердин долбоорун Орусияга жагынуу катары баалашкан.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүү президент кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. (МТо)

XS
SM
MD
LG