Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Кыргыз мигранттары орус тарыхынан тест тапшырбайт


Орусия кыргызстандык эмгек мигранттарын тарых боюнча сынактан бошотот. Бирок алар орус тили жана мыйзамдуулук багытында тесттен өтүшөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык биримдигинин маселелерине арналып 4-июнда Бишкекте өткөн жыйында Кыргызстандын биримдикке кошулуусу боюнча түзүлгөн топтун жооптуу катчысы Федор Черницын билдирди.

2015-жылдан тарта Орусияда чет элдик жарандарды тескеген мыйзамдар өзгөртүлгөн. Аларга ылайык, эмгек мигранты жумушка уруксат берүүчү патент алуу үчүн орус тили, тарыхы жана мыйзамдар боюнча тест тапшырышы керек.

Кыргызстандыктарга берилген жеңилдиктерге ылайык, алар Орусия аймагында эл аралык паспорт менен эмес, ID card менен жүргөнгө да акылуу. (SE)

XS
SM
MD
LG