Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Бишкекте салык кызматкери пара алды деп шектелүүдө


Бишкектин Ленин райондук мамлекеттик салык башкармалыгынын кызматкери ири өлчөмдө пара алууга аракет кылганы үчүн сурак берүүдө. Башкы көзөмөл органынан кабарлашкандай, 4-июнь күнү прокуратура менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери аны 100 миң сом пара алып жаткан учурда колго түшүрдү.

Маалыматтарга караганда, ал жергиликтүү тургундун салыкка байланыштуу ишин бүтүрүп берүү үчүн 5000 доллар өлчөмүндө пара сураган. Акчанын бир бөлүгүн алып жаткан кезде тартип сакчыларына кармалган.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин “Паракорлук” беренеси менен кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG