Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Аялдардын экономикалык укугу талкууланат


Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен миграциянын терс кесепеттерин азайтуу долбоору жыйынтыкталды. Аны ишке ашырган “Коомчулукту өнүктүрүү альянсы” уюмунун жетекчиси Гүлжан Ниязалиева “Азаттыкка” билдиргендей, 2014-жылдын май айында башталган долбоор жети облустагы 54 айылда ишке ашырылды. Бул аралыкта 2000дей айымга ишкердиктин сырлары үйрөтүлүп, 44 долбоорго каржылык көмөк көрсөтүлдү.

80 миң долларга жакын акча ишкерлик баштаган айымдарга берилди. Ниязалиева билдиргендей, аялдар негизинен тигүүчүлүк, айыл чарба жана мал чарбасын өнүктүрүү багытында жумуштарды аткарышты.

БУУнун Аялдар программасы бир катар эл аралык уюмдардын катышуусунда каржылаган долбоордун жыйынтыктоочу чогулушу 13-14-июнь күндөрү Ысык-Көлдө өтөт. Анда элеттик аялдарды мындан ары колдоо маселеси талкууланат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG