Америка Кошмо Штаттары Тажикстанда бир катар интернет сайттардын жабылышы жарандардын маалымат алуу укугун чектерин билдирип, өлкө бийлигине кайрылды. Дүйшөмбү шаарындагы АКШ элчилиги 4-июнда “Азаттыктын” тажик кызматынын орус жана англиc барактарына, Facebook жана башка социалдык тармактарга киргизилген чектөөнү алып салууга чакырып, кайрылуу жасады.
Тажикстанда аталган сайттар 28-майдан бери ачылбай жатат.
Интернет провайдерлер бирикмесинин төрагасы Асомуддин Атоев сайттарды жабуу үчүн жогору жактан оозеки буйрук келгенин айтты. Ал эми бийлик буга тиешеси жок экенин жарыялаган. (SE)