Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Ганадагы жарылуу 150 адамдын өмүрүн алды


Гана борбору Аккра шаарындагы унаага май куюучу станцияда болгон жарылуудан кеминде 150 адам мерт кеткенине байланыштуу өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды. 4-июнь күнү жарылуу болгон учурда ондогон киши нөшөр жамгырдан качып май куюучу жайга жана анын жанындагы дүкөнгө кирген болчу.

Май сакталган кампа сууга толуп, натыйжада жарылуу болгон. Андан чыккан жалын катар жайгашкан имараттарга да зыян келтирген.

Калаада нөшөрдөн улам сел жүрүп, дагы ондогон кишилер суудан жапа чегүүдө. Куткаруу иштерине табигый кырсык тоскоолдук кылып жатканын жергиликтүү маалымат булактары кабарлады. Өлкө президенти Жон Махама курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, тийиштүү жардам берүүнү убада кылды. (SE)

XS
SM
MD
LG