Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Ошто “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын кеңсесин карактап кетишти


“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын Ош шаарындагы кеңсесине белгисиз бирөөлөр кирип, компьютерлерин алып кетишкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” партиянын Ош шаардык жаштар канатынын мүчөсү Нурдана Максүтова билдирди.

Анын айтымында, белгисиз адамдар темир торлуу терезени ачып киришкен.

“Сыртта партиянын баннери тытылган. Ичинде буюмдар көп болчу. Бирок компьютерди гана алыптыр. Анда партиянын пландары, иш-чаралар тууралуу жана башка баалуу материалдар бар болчу. Балдар үйүнө деп муздаткыч менен шириндиктерди алган элек. Аларга тийбептир”, - дейт Максүтова.

Максүтова бул боюнча милицияга кайрылышканын билдирди.

Мурдараак "Бүтүн Кыргызстан" менен "Эмгек" партиялары бириккенин жарыялашкан. Максүтова Ошто эки партиянын кеңселери азырынча бириге электигин билдирди. (МТо)

XS
SM
MD
LG