Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:52

Жалал-Абад шаарындагы негизги көчө кеңейтиле баштады


Шаардагы негизги деп эсептелген Ленин көчөсүнүн борбордук бөлүгүнүн 400 метрин кеңейтүү иштери башталды. Курулушка тендерди Ош шаарындагы “Снайпер” ЖКЧсы утуп алган.

“Жолдун дал ошол бөлүгүндө дайыма унаа тыгыны болгондуктан, аны 4 метрге кеңейтүү пландалган. Кийинки жылы шаар бюджетинин кирешесине карап, дагы башка 400 метр бөлүгүн кеңейтүү пландалууда”, - деди калаа мэри Салайдин Авазов.

Жол оңдоого шаар казынасынан 9,6 млн. сом каралган. Ленин көчөсүн кеңейтүү демилгеси 2010-жылы көтөрүлүп, каражаттын тартыштыгынан улам ишке ашкан эмес. Курулуш иштери төрт айда бүтүшү керек. (RsK)

XS
SM
MD
LG