Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Жалал-Абад: Июнь окуясындагы кылмыштарга шектелген 41 жаран чет өлкөдө


2010-жылкы июнь коогалаңына катышып, кылмыш жасаган деп шектелген 41 адамга эл аралык издөө жарыяланган. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын 33ү Орусияда, жетөө Өзбекстанда жана бирөө Швецияда жүргөндүгү аныкталган. Бул өлкөлөрдүн укук коргоо органдарына издөө боюнча билдирүүлөр берилген.

Коогалаң учурунда Жалал-Абадан 90дон ашык адам каза болуп, 900ү ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Төрт жарандын дайыны азыркыга чейин белгисиз. (RsK)

XS
SM
MD
LG