Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Кыргыз-тажик чек арасындагы чукул кырдаалдарды алдын алуу талкууланды


Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Тажикстандын жарандык коргонуу жана чукул кырдаалдарды алдын алуу комитети Баткен шаарында биргелешкен жыйын өткөрдү.

Анда эки өлкөнүн чек аралаш аймактарында табигый кырсыктарды алдын алуу жана өзгөчө абал жаралганда кол кабыш кылуу маселеси, эки өлкө адистеринин иликтөөлөрү, маалымат алмашуу каралды.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана Тажикстандын жарандык коргонуу жана чукул кырдаалдар комитетинин төрагасы Хайридин Абдурахимов жетектеген эки өлкө өкүлдөрү мындай жыйынды жыл сайын өткөрүп турууну макулдашып, чек аралаш аймакта бул багыттагы адистердин кызматташтыгын андан ары чыңдоо боюнча атайын меморандумга кол коюшту. (JsA)

XS
SM
MD
LG