Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

Үч эм төрөгөн келин жардамга муктаж


Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда таңкы саат беште төрөгөн эне жардамга муктаж. Бул тууралуу “Азаттыкка” үч эмдин энеси Бактыгүл Камчыбек кызы өзү билдирди.

“Жолдошум менен эки айлык боюмда болгон кезде ажырашып кеткем. Экөөбүз мыйзамдуу никеге турган эмеспиз. Жолдошумдан кеткенден кийин Жалал-Абаддагы апама баргам. Бирок апам мени кабыл албай коюп, алты ай болгондо Бишкекке келе бердим. Шаарда тааныш-тууганым жок болгондуктан мечитте жашаган бейтааныш бир эже жардам берип жүрдү. Төрөтканадан чыкканда каякка барарымды билбейм”, - дейт Бактыгүл.

Борбордун акушерлери Бактыгүл бир уул, эки кыз төрөгөнүн, ушул тапта ымыркайлардын ден соолугу жакшы экендигин билдиришти. (AiA)

XS
SM
MD
LG