Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Оштогу «Алга бас» базарынын сатуучулары митингге даярданууда


Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган базардын жетекчиси Эркин Сайдалиев билдирди. Анын айтымында, Оштогу унаа тетиктер базары жергиликтүү бийлик ээлери тарабынан жабылды.

“Анын сатуучулары жаңы ачылган «Кудайберген» базарына мажбурлап көчүрүлгөн. Көчүп барган сатуучулар жаңы базардан орундарды 10 миң долларга чейин сатып алууга мажбурланган. Мындан улам биз бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында мөөнөтсүз митинг өткөрүүгө уруксат сурап жатабыз”,- дейт Сайдалиев.

Ал эми жергиликтүү бийлик ээлери «Алга бас» базары шаардагы жол тыгындарын жоюу максатында жабылганын, жаңы базардын Оштогу аткаминерлерге тиешеси жоктугун айтып келишет. Базарды жабуу чечими өткөн жылдын күзүндө күчүнө кирген. (YI)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG