Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

ЖК: Акыйкатчынын отчету беш ирет жылдырылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин отчету 14-апрелден бери күн тартибинде турат жана беш жолу жылдырылган.

“14-21-апрелде акыйкатчынын орун басары Жамгырчиеванын катынын негизинде, 28-апрелде депутат Касымбековдун акыйкатчынын отчетун анын ишмердиги тууралуу Эсеп палатасынын тыянагы менен чогуу угуу керек деген сунушунун негизинде, 26-майда жана 2-июнда акыйкатчынын орун басары Кожошевдин катынын негизинде отчетту угуу жылдырылган. Аманбаевдин орун басарлары жылдыруунун себебин эки жолу ооруп калганы, бир жолу иш сапар менен сыртка кеткенине байланыштуу деп көрсөтүшкөн” деп жазылат билдирүүдө.

Парламенттин тиешелүү комитети Аманбаевге кызматына көбүрөөк жоопкерчилик менен кароону жана 9-июнда отчет берүүнү сунуштаган чечим кабыл алды.

Акыйкатчы Аманбаев 1-июнда БУУнун чакыруусу менен Европага кеткен. Ал адам укуктары боюнча уюмдун жыйынына жана дүйнөлүк акыйкатчылар жыйынына катышарын, Кыргызстанга эмки жумада келерин айткан. (МТо)

XS
SM
MD
LG